Кыргызстандык кинорежиссер Султангазы Пиржан уулунун «Мен жылдыз болом» аттуу кыска метраждуу тасмасы 2-майда баштала турган Лос-Анжелес Азия-Тынч океан кинофестивалына (Los Angeles Asian Pacific Film Festival (LAAPFF) сынактык программасына катышат. Бул тууралуу маалымат аталган иш-чаранын расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка караганда быйыл 35-жолу уюштурулуп жаткан фестивалда 200дөн ашуун тасма Лос-Анжелес шаарынын кинотеатрларында көрсөтүлөт.
«Мен жылдыз болом» - Борбор Азия чөлкөмүнөн жана Кыргызстандан аталган кинофестивалга катышып жаткан биринчи тасма.
Айыкпас дарт менен алышып жатканына карабай үй-бүлөсүнүн келечегин ойлогон Азат аттуу баланын жана ал үчүн күйгөн энесинин жашоосун чагылдырган бул фильмдин сценарийин Гүлжан Токтогул жазган, продюсери - Нурбек Атамбаев.
Ал эми башкы ролдорду жаш актерлор Арлен Асылбек уулу менен Адилет Жумалиев, белгилүү актерлор Албина Имашева, Азиз Мурадилаев, Анар Назаркулова жана башкалар аткарышкан. Кыргызстандык тасма 9-майда көрсөтүлөт.
Лос-Анжелес Азия-Тынч океан кинофестивалында башкы сыйлыкка ээ болгон тасмалар адатта «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн кыска метраждуу фильмдердин тизмесине илинет. Бул жеңүүчүлөрү «Оскарга» көрсөтүлгөн Кошмо Штаттардагы отуз ири фестивалдын бири деп саналат.