Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Ооганстандын түндүгүндөгү кармаш уланууда


Ооганстандын картасы. Бадгис провинциясы бөлүп көрсөтүлгөн.
Ооганстандын картасы. Бадгис провинциясы бөлүп көрсөтүлгөн.

Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү «Талибан» кыймылынын жүздөгөн жоочулары Бадгис провинциясынын Бала Мургаб районуна чабуул коюп, кармаш жүрүп жатканын билдиришүүдө.

Район жетекчиси Варис Шерзаддын айтымында, 3-апрелден бери өкмөттүк күчтөрдөн кеминде отуз адам курман болгон.

Бала Мургаб - Ооганстандын түндүгүндөгү Түркмөнстанга чектеш аймак.

Бадгистин провинциялык кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Байг талибдер Бала Мургабдагы өкмөттүк имараттарга жакын көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ээлеп алышканын 4-апрелде маалымдаган. Ал райондогу Ооган улуттук армиясынын базасы менен полициянын баш кеңсеси гана өкмөттүн колунда турганын кошумчалаган.

Талибдердин өкүлү Кари Юсуф Ахмади алар төрт тараптан чабуул коюп, беш көзөмөл бекетин ээлешкенин билдирди.

Ал эми Ооганстандын Коргоо министрлиги 4-апрелдин кечинде тараткан маалыматта өкмөттүк күчтөр көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен «тактикалык чегинишкени» айтылат. Министрлик талибдердин позицияларына «көп ирет абадан чабуул коюлганын» да белгилейт.

XS
SM
MD
LG