Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:26

Өзбек президентинин кызы бала бакчанын ачылышына катышты


Шахнозахон Мирзиёева (ортодо).

Нукус шаарында алгачкы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземи 4-апрелде өттү.

Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги билдиргендей, иш-чарага министрдин орун басары, өлкө президентинин кызы Шахнозахон Мирзиёева катышты.

Нукустагы реабилитациялык борбор чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун жардамы менен салынды.

Президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы бул кызматка дайындалганы өткөн жылдын январында белгилүү болгон. Андан бери Шахнозахон Мирзиёеванын ишмердиги тууралуу кеңири маалымат таратылган эмес.

Шахнозанын жолдошу, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров кайнатасынын жан сакчысы деген маалыматтар бар. Бул кептер Умаров президентти сапарларында коштоп жүргөндөн улам айтылып келет.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG