Латвиянын баш калаасы Риганын мэри Нил Ушаков жергиликтүү транспорттук ишканадагы коррупцияга байланыштуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу өкмөт тараткан расмий маалыматта айтылат.
Ушаков Ригадагы бүтүндөй коомдук транспортту тейлеген «Ригас сатиксме» компаниясынын каражаттарын максатсыз пайдаланган деп шек саналып жатат.
Коррупциялык чоң жаңжал өлкөдө 2018-жылы башталган. Тергөөнүн маалыматына караганда, «Ригас Сатиксме» Чехиянын «Шкода» жана Польшанын «Соларис» ишканаларынан трамвайларды жана троллейбустарды сатып алууда мыйзам бузган жана 270 миллион еврого күмөндүү келишимдерге кол койгон. Польшанын коррупцияга каршы мекемеси кеп 800 миң еврого барабар пара жөнүндө болуп жатышы мүмкүн экенин билдирген.
Бул иш боюнча жети киши кармалып, Риганын вице-мэри өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
2009-жылдан бери Риганын башында турган Нил Ушаков өкмөттүн чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрыларын билдирди.