Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:30

Гутерриш Ливияда жоолашкандарды согуш аракеттерин токтотууга чакырды


Антонио Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөп жаткан учур.
Антонио Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөп жаткан учур.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы, ушу тапта Триполиде жүргөн Антонио Гутерриш Ливиядагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка, чыңалууну басаңдатууга чакырды:

- Бардык аскердик операцияларды токтотууга, эскалацияга алып келүүчү саясий, аскердик чакырыктарды басаңдатууга, кырдаалды көзөмөлгө алууга үндөйм. Жетекчилик менен жолугушууда дүйнөдөгү бир да маселени куралдын жардамы менен чечүүгө болбойт, Ливиядагы кырдаалды аскердик жол менен жөнгө салуу болбойт деген орток пикирге келдик.

Баш катчы Ливиянын түрдүү саясий күчтөрүнүн бир нече күндөн кийин баштала турган конференциясына катышканы барган.

Анын алдында фелдмаршал Халифа Хафтар «Триполини бошотуу операциясы» деп аталган видео кайрылуусунда кол астындагы армияга баш калаага карай жылууга буйрук берген. Кайрылуу Триполиге 100 чакырым жакын Гариян шаарчасы аскерлердин көзөмөлүнө өткөндөн кийин ошол жерден жаздырылган.

Триполиде отурган премьер-министр Фаиз Сараж Хафтардын армиясын токтотуш үчүн өкмөттүк күчтөрдүн мобилизациясын жарыялады.

АКШ, Батыш өлкөлөрү, Бириккен Араб Эмираттары Ливиядагы жаатташкан тараптарды чыңалууну тереңдетпөөгө үндөп жатышат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү кырдаал күч колдонууга жетпейт деп үмүттөнөрүн билдирди.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн ошол кездеги расмий жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери Ливияда кош бийлик өкүм сүрүүдө. Чыгыш жакты парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Өлкөнүн батыш чөлкөмүндө, Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.

XS
SM
MD
LG