Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Бишкекте бак кулап, үч автоунааны басып калды


Чириген бак кулап, үч автоунааны басып калды.

Бишкектеги Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн короосунда бак кулап, үч автоунааны басып калды.

Түндө жааган катуу жаандан улам тамыры чирип калган бак өз салмагын көтөрө албай кулап түшкөн. Окуя таңга жуук болгондуктан эч ким жабыркаган жок.

Учурда окуя болгон жерде «Бишкек жашылдандыруу чарбасынын» кызматкерлери иштеп жатат.

Автоунаа ээлери тарткан чыгымын төлөп берүүнү шаардык мэриядан талап кыларын айтышууда. (JJo/KR)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG