Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Пакистан түрмөдөгү 360 индиялыкты бошотот


Пакистанда түрмөдө олтурган индиялык балыкчылар.
Пакистанда түрмөдө олтурган индиялык балыкчылар.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жакын арада Араб деңизинде мыйзамсыз балык уулоого чыгып, кармалып калган 360 индиялыкты түрмөдөн бошоторун жарыялады.

5-апрелдеги билдирүүнү серепчилер өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну басаңдатуу аракети катары кабыл алышты. Индия менен Пакистандын мамилеси ушул жылдын февраль айында куралдуу кагылышуудан кийин начарлап кеткен.

«Пакистан түрмөдөгү 355 индиялык балыкчыны жана беш жаранды жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотот. Биз Индия өз ара ишенимди актайт деп ишенебиз», - деди Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохамман Файсал.

Акыркы маалыматка ылайык учурда Индиянын түрмөлөрүндө 347 пакистандык отурат. Алардын 98и балыкчылар.

Бир нече жылдардан бери тил табыша албай келген Пакистан менен Индия Араб деңизине балык уулоого чыккан бири-биринин балыкчыларынын кайыктарын туткунга түшүрүп, балыкчыларды түрмөгө камап жатат. Алар кээде эле ушинтип эки өлкөнүн бийлиги ырайым көрсөткөндө гана кайра бошотулат.

Учурда Исламабад менен Нью-Делинин ортосундагы чыңалуу сакталып турат. Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын 16-февралда жарыялаган. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болду. Пакистан Индия абадан чукул чабуул койгонун, андан алты киши, анын ичинде төрт бала жабыркаганын билдирген.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Кашмир кошуналардын ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө эгемендик алгандан бери Кашмир үчүн кеминде эки жолу согушкан. (KR)

XS
SM
MD
LG