Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Момбеков: Атамбаев башкаруу учурундагы каталарын мойнуна алды (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.

6-апрелде өткөн КСДПнын курултайынан чыгып, журналисттерге сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаев өз каталарын мойнуна алганын айтты. Ал ошондой эле өзүнө жана учурда Атамбаевдин жанында жүргөндөргө карата бийлик кысым көрсөтүп жатканын кошумчалады:

- «Жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз» деп айттым. «Сиз «танда» деген кишини тандадык, «шайла» деген кишини шайладык, анан эми сиз «жайла» деген кишини жайлай албайбыз. Бул туура эмес болуп калат, логикага туура келбейт».

Алмазбек Атамбаев: Эл алдында тазамын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Депутат Рыскелди Момбеков бийлик тарабынан ага карата кысым болуп жатканын айтты. Буга далил катары Жогорку соттун төрайымынын ага каршы жазган арызын келтирди.

Бүгүн КСДПнын курултайына «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок. (KR)

XS
SM
MD
LG