Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Эмгек сиңирген артист Жаркын Балыкбаева дүйнө салды


Артист Жаркын Балыкбаева.

Эмгек сиңирген артист, театрдын алдыңкы актрисаларынын бири Жаркын Балыкбаева узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнө салды.

Актриса Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштечү. Жаркын Балыкбаева Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Ырчы Мойдунов мындан төрт жыл мурун жүрөгүндөгү дарттан каза тапкан.

Ооруканада көз жумган актрисанын сөөгү 8-апрелде жерге берилет. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG