Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи «АКШнын аскерлерин өз аймагында кармоо зыян» экенин айтып, кошунасы Иракты АКШ аскерлерин өз аймагынан болушунча тез арада чыгарууга үндөдү.
Ирактын премьер-министри Адел Абдул Махди Тегеранга 6-апрелде келип кеткенден кийин Ирандын лидери «АКШнын максаты Ирактын учурдагы демократиялык түзүлүшүнө каршы келерин» эскертти.
«Иракта АКШнын аскерлеринин турушу өлкөгө жана аймактагы башка улуттарга да кооптуу. Силер АКШнын аскерлерин өлкөдөн чыгарууга багытталган аракеттерди көрүшүңөр керек, себеби алар бир кирип алган соң аларды чыгаруу дайыма кыйынчылык жаратат», деп жазды аятолла Али Хаменейи.
Айрым маалыматтарга ылайык, учурда Ирактын Сирия менен чектеш аймагында АКШнын төрт аскердик базасы бар. Быйыл жыл башында АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактын түндүк жагынан аскерлерин чыгаруу ниети жок экенин айткан. Такталбаган маалыматтарга караганда, учурда Иракта АКШнын беш миңдей аскери бар. Бирок Пентагон аскерлердин так санын эч качан ачыкка чыгарган эмес.
6-апрелде Махди Ирандын президенти Хассан Роухани менен жолугуп, газ жана электр кубатын сатуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп, эки өлкөнү байланыштырган темир жол куруу планын талкуулашкан. (KR)
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө