Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Султанов: АФКнын вице-президенттигине талапкерлигимди федерация чакыртып алды


Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазды. Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине көрсөтүлгөн анын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы чакырып алганын айтып, мындай чечим ал үчүн күтүүсүз болгонун кошумчалады.

«Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти катары кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын көздөгөм. Ал максат федерация менен ийгиликтүү ишке ашырылып, биздин улуттук курама командабыз мыкты оюн көрсөтүп, Азия кубогунун квалификациялык баскычынан өтүп, спорт тарыхында калды. Футболубузду кийинки тепкичке көтөрүү келечектеги пландарымдын бири болчу.

Тилекке каршы, кыргыз футболун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып жиберишкенине өтө өкүнүчтөмүн», деп жазды Семетей Султанов.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз өкүлү Наталья Угрюмова бул тууралуу азырынча комментарий бере албай турганын айтып, Семетей Султанов АФКнын вице-президенттигине талапкерлигин 2018-жылы эле көрсөткөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов учурда Малайзияда өтүп жаткан АФКнын 29-шайлоо конгрессинде жүргөндүктөн аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Семетей Султанов Федерациянын президенттигинен өз каалоосу менен кетерин 2019-жылдын 7-январында жарыялаган. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экени да айтылып жүрөт. (KR)

XS
SM
MD
LG