Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

Момбеков: Ыңкылапты жокко чыгарчу кадамдар башталды


«Медиа Форумга» чогулгандар.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Апрель революциясын жокко чыгара турган кадамдар башталганын билдирди. Ал бул тууралуу «Медиа Форумдагы» апрель окуяларын эскерүү иш-чарасында айтты.

- «Апрель ыңкылабынын максаттарын ишке ашырып жатабыз» деп жатышпайбы. Ошолор калптын казанын эле кайнатып жатат. Эч нерсе ишке ашкан жок. Апрель окуясынын ой-максаттарынын ишке ашканын ким көрдү? Апрель революциясын жокко чыгара турган кадамдар башталууда. Бул өтө коркунучтуу. Апрель революциясы март революциясындай уурдалып кетпеши керек. Он жылдан кийин ушул жерге кайра митингге чогулуп отурабызбы, дагы бир келген кишини кетиребиз деп? Кыргызстанга эми ыңкылап эмес, ынтымак керек.

Рыскелди Момбеков учурда кыйын абалда турганын да кошумчалады:

- Мен азыр эки жакта турам. Бир бутум партияда, ал эми партия оппозицияда. Бир бутум фракцияда, ал эми фракция коалицияда. Ит эле болдум да. Өзүмдү өзүм сындай албайм, өзүмө өзүм каршы чыга албайм. Туура, Алмазбек Шаршенович элден кечирим сурап, жаңы келген келиндей болуп отко кирип кетпедиби. Мага кыйын да. Анткени бул кишинин досу - Сооронбай Шарипович менин да досум.

Бүгүн, 7-апрелде «Медиа Форумда» экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон КСДП Апрель окуясын эскерүү иш-чарасын уюштуруп жатат. (BTo/KR)

Апрель окуяларын эскерүүдөгү ажырым
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

Пикирлерди көрүңүз (56)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG