Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

UFC'нин чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга учуп келди (видео)


Валентина Шевченко.
Валентина Шевченко.

Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болгон кыргызстандык Валентина Шевченко бүгүн, 7-апрелде Бишкекке учуп келди.

Спортчуну «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев тосуп алды. Мындан сырткары аба майданына Шевченконун жакындары, күйөрмандары чогулушту.

Чемпион Шевченкону эли тосуп алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Буга чейин Валентина Шевченко «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу Бишкектеги жана Оштогу күйөрмандары менен жолугарын кабарлаган. Салтанаттуу жолугушуу эртең, 8-апрелде «Бишкек парк» соода борборунда өтөт.

Кыргызстанда төрөлүп өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (flyweight. 57 кг.) чемпиондук титулу үчүн беттеш Канадада өтүп, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен беттешкен. Мелдештин жүрүшүндө беш раундда Шевченко үстөмдүгүн көрсөтүп, жеңүүчү аталган.

Шевченко абройлуу саналган UFC уюмунун тарыхында эң жеңил салмакта чемпиондук наамды алган экинчи аял спортчу болуп калды. (KR/SDz)

XS
SM
MD
LG