Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Жогорку Кеңештин комитеттери өкмөт башчынын отчетун угат


Өкмөт жыйыны, 25-январь.
Өкмөт жыйыны, 25-январь.

Ушул апта парламенттин тармактык комитеттери өкмөттүн былтыркы иши тууралуу отчетун уга баштайт. Бүгүн, 8-апрелде өкмөттүн бир жылда жасаган иши боюнча вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Замирбек Аскаров Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттерде баяндама жасашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр күздөн тартып эле өкмөттүн дарегине сын-пикирлер көп айтылып келди. Жогорку Кенештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлдү. Айрымдар «өкмөт толугу менен кызматтан кетсин» деп талап кылышты. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогултулбай калганын сынга алышкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Ага чейин Сапар Исаков иштеп, парламент ага ишеним көрсөтпөй, жумуштан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG