Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында өтүүдө.
Актриса менен коштошууга анын кесиптештери, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, күйөрмандары катышып жатат.
Балыкбаева 77 жашында оорудан улам көз жумган.
Ал көптөгөн жылдар бою драма театрында эмгектенип, бир нече спектаклдер мененкинотасмаларда ар кыл образдарды жараткан.
Актрисанын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. (BkA)