Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Өкмөт Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча акыркы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, 4-6-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн жолугушууда бир нече маселе талкууланды. Анда эки өлкө ортосундагы чек аранын долбоорлук сызыктарын чийүүнү улантуу, ар кайсы жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер алмашуу жана делимитациялык топографиялык карталарды түзүү боюнча сөз жүргөн.

Жолугушууда кыргызстандык делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Ибрагим жетектеди.

Жолугушуунун жыйынтыгында атайын протокол кабыл алынды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек.

Чек ара такталбагандыктан утур-утур жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG