Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды

Сооронбай Жээнбеков жана Валентина Шевченко. 8-апрель, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Валентина Шевченко. 8-апрель, 2019-жыл.

Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды. Сыйлык бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Шевченкого тапшырылды.

Жолугушууда президент Валентинаны кыз-келиндер арасында эң жеңил салмакта чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктап, анын машыктыруучусуна жана апасына ыраазылык билдирген.

«Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңерге тынымсыз көз салып, жалындуу күйөрман болуп жатышат. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу», - деп билдирген президент Жээнбеков.

Ошондой эле жолугушуу учурунда Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» наамы менен, «Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана мушкердин энеси Елена Шевченко энчилүү сааттар менен сыйланышты.

Чемпион Шевченкону эли тосуп алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Шевченко абройлуу болуп эсептелген UFC уюмунун тарыхында эң жеңил салмакта чемпиондук наамды алган экинчи аял спортчу болуп калды. (BkA)

XS
SM
MD
LG