Ирандын бийлиги суу ташкын коркунучунан улам өлкөнүн түштүк-батышындагы бир катар шаарлардын жана айыл-кыштактардын тургундарын коопсуз жайларга көчүрүүнү буйруду.
19-марттан бери токтобой жаткан нөшөрдөн улам башталган суу ташкыны өлкөнүн 31 провинциясынын 26сында 70тен ашуун адамдын өмүрүн алды.
Мунайга бай Хузестан провинциясы табият кырсыгынан өзгөчө жабыркады. Провинциянын губернатору Голамреза Шариати 6-апрелде IRNA маалымат агенттигине жергиликтүү плотиналар толуп кеткендиктен, алардагы сууну кое берүү жөнүндө чечим кабыл алынганын, мындан улам алты шаардын тургундары шашылыш түрдө коопсуз аймактарга көчүрүлүшү зарыл экенин билдирди.
Шариатинин айтымында, куткаруучу топтор жарандарды атайын лагерлерге жана аскердик казармаларга жайгаштырып жатышат. Ирандын басма сөз каражаттары Хамиди провинциясынан эки миңдей киши коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн жазышты.
Соңку он жылдан берки эң катуу суу ташкындан жабыркагандарга өкмөт «тийиштүү жардам көрсөтпөй, кризисти алдын алган жок» деп бир катар аймактарда нааразылык демонстранциялары өттү.