Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Кабул «Талибан» менен сүйлөшүүгө өкмөттүк делегация жөнөтөт


Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин тынчтык маселелери боюнча чабарманы Омар Даудзай. Исламбад. 9-январь, 2019-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин тынчтык маселелери боюнча чабарманы Омар Даудзай. Исламбад. 9-январь, 2019-жыл.

Ооганстан Катарда өтө турган «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөргө өкмөттүк делегация жөнөтөт. Бул тууралуу өлкө президенти Ашраф Ганинин тынчтык маселелери боюнча чабарманы Омар Даудзай 7-апрелде билдирди. Ал 14-15-апрель күндөрү өтөрү күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө делегация өкүлдөрү «талибдер менен пикир алмашуу үчүн барарын» кошумчалады.

Бул маалыматты Вашингтондун Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад да ырастады.

Халилзад өткөн жумада Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан.

Буга чейин талибдер расмий Кабул менен сүйлөшүүдөн баш тартып келишкендиктен, Катардын баш калаасы Дохада АКШ менен «Талибан» кыймылы бир нече жолу жолугушкан.

Анткен менен талибдер февраль айында Москвада ооган оппозициясынын таасирдүү өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

«Талибан» кыймылы бул боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG