Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Порошенко Зеленскийге дебаттарды 14-апрелде өткөрүүнү сунуш кылды


Украина президенти Петро Порошенко «Украина» телеканалына маек берип жаткан маал. 7-апрель, 2019-жыл.
Украина президенти Петро Порошенко «Украина» телеканалына маек берип жаткан маал. 7-апрель, 2019-жыл.

Украинанын президенти Петро Порошенко атаандашы актер Владимир Зеленскийге Олимпийский стадионундагы дебаттарды 14-апрелде өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Порошенко 7-апрелде «Украина» телеканалы аркылуу кайрылуусунда билдирди.

Мамлекет башчылыгына ат салышып жаткан эки талапкердин ортосундагы эрөөл алдын ала 19-апрелге белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 31-мартта өткөн шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын 30,24 пайызын алган, ал эми Порошенко 15,95% жыйнаган.

Өткөн жумада Зеленскийдин сунушу менен эки талапкер тең кандагы алкогол менен баңгизатты аныкташ үчүн анализ тапшырышкан.

Петр Порошенконун канында психоактивдүү заттар жок экени дароо аныкталган. Бирок анын анализинин жыйынтыктары бурмаланышы мүмкүн деген кеп-сөздөрдөн улам Порошенко Эл аралык допинг агенттигинин стандарттарына ылайык келген кошумча тесттерди тапшырууга даяр экенин 7-апрелде билдирди.

Шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелде өтөт.

Президенттин каны таза чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00

XS
SM
MD
LG