Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Эрдоган менен Путин Москвада жолугушат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 14-февраль, 2019-жыл. Сочи.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 14-февраль, 2019-жыл. Сочи.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 8-апрелде Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушат.

Бир нече күн мурда Вашингтон менен Анкара ортосунда Түркиянын Орусиядан С-400 ракета системасын сатып алышына байланыштуу чыңалуу күчөп кеткен. Вашингтон Орусия менен келишимди жокко чыгарууну талап кылып, F-35 согуш учактарынын жабдуулары менен Түркияны менен камсыздоону убактылуу токтоткон.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс "Түркия өз тандоосун жасаш керектигин" билдирсе, Мамлекеттик департамент Анкарага санкциялар да салынышы мүмкүндүгүн эскертти. Бирок Түркия Орусия менен келишимди жокко чыгаруудан баш тартып жатат. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавышоглу бул чыңалууну чечүү үчүн Пентагон менен Анкаранын ортосунда жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

2017-жылы Анкара эки жарым миллиард долларга С-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алуу боюнча Москва менен келишимге кол койгон. Түркия Түндүк Атлантикалык Альянстын Орусиядан курал-жарак алуу жөнүндө макулдашкан биринчи мүчөсү болуп калды.

XS
SM
MD
LG