Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык (ЕККУ) уюмунун Кыргызстандагы ишмердигинин 20 жылдыгы белгиленет.
Мааракелик иш-чарага катышуу үчүн уюмдун төрагасы жана Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак 8-апрелде Кыргызстанга учуп келген.
Ушул эле күнү Лайчакты мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл ала турганын президенттин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Анда ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланат.
Мындан сырткары уюмдун төрагасы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушары айтылды.
Кыргызстан ЕККУга 1992-жылы кирген, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму - дүйнөдөгү 57 өлкөнүн башын кошкон эл аралык уюм. Анын курамына Европа, Түндүк Америка жана Борбор Азия өлкөлөрү кирет. (КЕ)