Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

«Электрондук билет» долбоорун швейцариялык компания ишке ашырмай болду


Ошто коомдук транспортко коюлган электрондук билет системасы.
Ошто коомдук транспортко коюлган электрондук билет системасы.

Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүү долбоорун швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырмай болду. Баш калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, тендердик комиссия арзаныраак бааны сунуш кылган ушул компанияны талаптарга жооп берет деп тапты. Эми 8-майга чейин тендерде утуп чыккан компания менен келишим түзүлүшү керек.

Тендердин экинчи этабында үч компания арыз берген. Алар: «Золотая корона» («РСК Банк» ААК жана «Тодэш Торг» ЖчК, Новосибирск шаары, Орусия); BPC AG, (Швейцария); «Шанхай Шенту интеллектуалдык системалары» (Кытай) жана «Шыдыр Жол Кей Жи» (Шанхай шаары, Кытай). Маалыматка караганда, жыйынтыктоочу сынакка эки компания тандалып, орусиялык ишкана долбоорду ишке ашыруунун баасын 28 млн. жакын сомго бааласа, швейцариялык компания 24 млн. 120 миң сом деп көрсөткөн.

25-февралда Ош шаарында коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүү долбоору ишин баштады. Шаардагы №1 каттамда жүргөн троллейбустарга электрондук билет кабыл алуучу система орнотулган. Электрондук билет карталары Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Жүргүнчүлөр электрондук билет картасынын балансын толуктап турушу керек. Ал үчүн коомдук жайларга атайын терминалдар орнотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG