Ден соолугуна байланыштуу бир жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жаткан парламент депутаты Насыр Мусаевдин мандат маселеси чечиле элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогору Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков билдирди:
- Менин билишимче, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине берилген. Комитет өзүнүн күн тартибине качан алып чыгары белгисиз. Ден соолугуна байланыштуу ал өзү сүйлөшө албайт окшойт.
Буга чейин Мусаевдин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго кат жөнөтүлгөн. Мусаев 2018-жылы 18-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришкен. (КЕ)