Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитети Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук салык инспекциясынын кызматкерлери жапырт жумуштан бошотулганы тууралуу маалыматты четке какты.
Мекеме кабарлагандай, райондук салык инспекциясынын жетекчиси гана иштен кеткен, башкалар ордунда иштеп жатышат.
5-апрелде Шайхантахур райондук салык бөлүмүнүн бардык 133 кызматкери жумуштан айдалганы кабарланган. Жеке булактар буйрукту мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев бергенин билдиришкен.
Мирзиёев апрелдин башында видеоселектордук жыйын өткөрүп, бюджетке төлөмдөр аз түшүп жатканы үчүн салык мекемелеринин жетекчилерин сынга алган.
Маалыматтарга караганда, Ташкенттин 11 районунун жетөө салык боюнча планды аткарган эмес. Мамлекеттик бюджетке 515 миллиард сум (61 миллион доллар) түшпөй калган.