Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Кыргызстандык шахматчы кыз Азия чемпиону болду

Айжан Съездбекова.
Айжан Съездбекова.

Кыргызстандык Айжан Съездбекова шахмат боюнча он жашка толо элек кыздар арасында Азия чемпионатында алтын медаль утту. Өлкөнүн Шахмат федерациясы билдиргендей, ал шахматтын классикалык түрүнөн мүмкүн болгон 9 упайдан 8,5 упайды топтоду. 

8-18 жаштагылар арасында шахмат мелдеши ушул күндөрү Шри-Ланканын Калутара шаарында өтүп жатат. Кыргызстандан 16 спортчу барган.  

Айжан 8 жашта. Атасынын айтымында, 5 жашар кезинде Монголияда өткөн Азия чемпионатында шахматтын классикалык түрүнөн күмүш байге алган. Былтыр Таиландда Азия чемпионатынан 8 жашка чейинкилер арасында шахматтын рапид түрүнөн Азия чемпиону болгон. Ушул эле мелдеште шахматтын блиц түрүнөн күмүш медал тагынган. Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. Президенттик кубоктун 3 жолку жеңүүчүсү. Балдар жана кыздар арасында аралаш өткөн Карпов кубогунун ээси. 2018-жылы Ташкентте өткөн Батыш Азия чемпионатында шахматтын классикалык түрүнөн күмүш, блиц түрүнөн алтын байге алган. 

XS
SM
MD
LG