Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Бул тууралуу 8-апрелде мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жарыялады.
Телевидение аркылуу жасаган билдирүүсүндө Токаев мындай чечимди кабыл алардан мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана парламенттин кош палатасы менен кеңешкенин айтты. Ал ошондой эле бул чечимди Конституциялык кеңеш да колдогонун кошумчалады.
Касым-Жомарт Токаев шайлоо "ачык жана адилеттүү өтөрүн" билдирди, бирок ал шайлоого катышар-катышпастыгын айткан жок.
19-мартта Нурсултан Назарбаев бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялап, президенттин милдетин аткарууну ошол кездеги Сенаттын төрагасы Токаевге өткөрүп берген. 20-мартта Касым-Жомарт Токаев ант берип, мамлекет башчысынын кызматына киришкен. Ал эми Сенаттын төрайымы болуп Назарбаевдин тун кызы Дарига шайланган.
Буга чейинки президенттик шайлоо 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн.
Назарбаев "Нур-Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калган.
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт