Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Израилде парламенттик шайлоо өтүп жатат


«Ак жана Көк» аттуу борборчул альянстын лидери Бени Ганц аялы менен добуш берип жатат. 9-апрель, 2019-жыл.
«Ак жана Көк» аттуу борборчул альянстын лидери Бени Ганц аялы менен добуш берип жатат. 9-апрель, 2019-жыл.

Израилде азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяху кызматында калар-калбасын аныктай турган парламенттик шайлоо өтүп жатат. Нетаньяху башында турган «Ликуд» партиясы жетиштүү добуш топтой албай калса, өкмөт башчылыкка башкы штабдын мурдагы жетекчиси, саясий тажрыйбасы жок Бени Гац келиши толук ыктымал.

Добуш берүү бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат жетиде ачылды. Экзит-поллдордун алгачкы жыйынтыктары кечки ондордо чыгып калышы күтүлүп жатат. Ал эми расмий жыйынтыктар 10-апрелде жарыяланат.

Бешинчи жолу өлкө башчылыгына бараткан Нетаньяхунун шайлоо өнөктүгү коррупцияга байланышкан бир катар айыптоолор менен коштолду. Анын башкы атаандашы - отставкадагы генерал, «Ак жана Көк» аттуу борборчул альянстын лидери Бени Ганц. Соңку сурамжылоолордун жыйынтыктары аталган кыймыл Нетаньяху башында турган «Ликуд» партиясынан алдыда экенин көрсөткөн.

Ошентсе да байкоочулар Нетаньяху өзүн колдогон бир нече майда улутчул партиялар менен өкмөттүк коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG