Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:43

Чехиянын Метрополитен университети Кыргызстандан студенттерди кабыл алат


Кудайберди Кожобеков жана Ярослав Халик.
Кудайберди Кожобеков жана Ярослав Халик.

Кыргызстан Чехиядагы Метрополитен университетине абитуриенттерди жиберүүгө даяр. Бул туурасында Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков менен аталган университеттин эл аралык байланыш кафедрасынын башчысы Ярослав Халик менен жолугушууда айтылды.

9-апрелде жолугушууда окуу жайы коопсуздукту изилдөө, жеке менчик өнөр жайы, эл аралык катнаш, эл аралык ишкерлик, журналистика, туризм жана чет тилдери боюнча адистерди даярдап, магистратурага, аспирантурага жана докторантурага да иликтөөчүлөрдү кабыл алаары кабарланды.

Ал жакта билим алгысы келген жаштар үчүн кеңири маалымат ушул күнү Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакованын иш сапарынын алкагында Бишкекте өтүп жаткан VI кыргыз-чех ишкерлик форумунда берилери белгиленди.

Кыргыз-чех ишкерлеринин ишкерлик форумуна логистика, энергетика, консалтинг, банк ишмердиги, камсыздандыруу, тоо-кен өнөр жайы, IT-технология, өндүрүш, курулуш, билим берүү жана туризм тармактары боюнча иштеген 30 компаниянын өкүлдөрү катышып жатат. (BD)

XS
SM
MD
LG