Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Суданда каршылык акциялары күч алды


Судандагы нааразылык акциясы. Хартум. 7-апрель, 2019-жыл.
Судандагы нааразылык акциясы. Хартум. 7-апрель, 2019-жыл.

Судандагы каршылык акциялары акыркы күндөрү күч алды. Дүйшөмбүдө борбор Хартумдагы аскердик штабдын жанында отуруп алган миңдеген митингчилерди таратуу учурунда кагылыш чыкты.

Анда демонстранттарды коргоого аракет кылган бир жоокер өлгөнү кабарланат. Судандагы дарыгерлер комитети кеминде 90 киши жарадар болгонун билдиришти. Баш калаага коңшулаш Омдурман шаарында да 20 жаштагы жигит тартип сакчыларынын колунан өлгөнүн комитет ырастап жатат.

Нандын кымбатташы жана нак акчанын таңкыстыгы элди нааразы кылган. Кийинчерээк демонстранттар 1989-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан Омар аль-Баширдин президенттиктен кетишин талап кылууга өтүшкөн.

Буга чейин Суданда «орусиялык жалданма аскерлер Суданда бийликке каршы нааразылык акцияларын басууга катышат» деген маалыматтар чыгып, аны Кремль четке каккан. Бирок Суданда орусиялык жалданма аскерлер бар экенин Москва ырастаган.

XS
SM
MD
LG