Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Назарбаева: талапкерлер тууралуу чечимди партиялар кабыл алат


Казакстан Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева.
Казакстан Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева.

Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева жергиликтүү Zakon.kz порталына талапкерлер тууралуу чечимди партиялар кабыл аларын айтты. Ал эгер «Нур Отан» партиясы ага сунуш кылса, бул кадамга барар-барбасын да так билдирген жок. Ал арада бийликтеги «Нур Отан» партиясы өз талапкерин 20 күндүн ичинде аныктай тургандыгын маалымдады.

Буга чейин Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева: «Жок, Дарига Нурсултановна талапкерлигин коюну көздөгөн жок», - деп телефон аркылуу «Tengrinews.kz» агенттигине билдирген.

9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телеканалдар аркылуу элине кайрылып, кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

Токаев шайлоо «ачык жана калыс өтөрүн» билдирди, бирок ал өзү шайлоого катышар-катышпасын айткан жок.

19-мартта Нурсултан Назарбаев бийликтеги ыйгарым укуктарын токтотоорун жарыялап, президенттин милдетин аткарууну ошол кездеги Сенаттын төрагасы Токаевге өткөрүп берген. 20-мартта Касым-Жомарт Токаев ант берип, мамлекет башчысынын кызматына киришкен. Ал эми Сенаттын төрайымы болуп Назарбаевдин тун кызы Дарига шайланган. Серепчилер Казакстандын кийинки президенти Дарига Назарбаева болот деп боолголоп жатышкан.

XS
SM
MD
LG