Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Бабанов: Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарыш керек (видео)


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов НТС телеканалындагы маегинде абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго козголгон иштер саясий негизде болгон деген пикирин билдирди:

- Текебаевдин иши - 100% саясий иш. Эртең эмес, бүгүн иш жабылып, ага депутаттык мандатты кайтарып беришибиз керек... Эмилбек Каптагаев «​эч кандай арызым жок, ал күнөөлүү эмес» дегенине карабай, Садыр Жапаров камакта отурат. Бул да саясий иш. Ал Алмазбек Атамбаев тууралуу китеп жазып койгону үчүн камакта отурат.

​«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG