Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Бабанов: Атамбаев көз каранды эмес сотторду түзө алган жок (видео)


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта турган алты жылында көз каранды эмес сотторду түзө алган жок. Бул тууралуу президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен саясатчы Өмүрбек Бабанов НТС телеканалындагы маегинде билдирди.

«Биз бардыгыбыз 25 жылдан бери "инвестиция" деп айтып келебиз. Инвестиция тартыш үчүн көз каранды эмес сотторду түзүшүбүз керек. Сооронбай Шарипович өзү да сотторго ишенбей турганын айтты, биз сотторго өз алдынчалыкты түзүп берген соң талап кылышыбыз керек... Биз аларды өз алдынча кылсак, өлкөдө чоң секирик болот»​.

​Кыргызстанга жакын арада келе турганын айткан Бабанов өзүнө карата козголгон кылмыш иши жабылса «баарын жаңы барактан баштап, президентке да, өкмөткө да жардам берүүгө даяр» экенин билдирди. Ошондой эле айыл чарба, IT технология тарабынан жардамдашуу ниети бар экенин, фонд ачып жаңыдан иш баштаган стартап компанияларга, мектепте жакшы окуган балдарга, чет өлкөдө окуп жаткандарга көмөк көргөзө турганын айтты.

Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG