Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Тажикстанда оппозициячыл активист 15 жылга кесилди


Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мурдагы бөлүм башчысы Наимжон Самиев. 5-апрель, 2019-жыл.
Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мурдагы бөлүм башчысы Наимжон Самиев. 5-апрель, 2019-жыл.

Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мурдагы бөлүм башчысы Наимжон Самиев 15 жылга эркинен ажыратылды. 9-апрелде соттук жараян Хожент шаарынын №2 убактылуу кармоочу жайында жабык өттү.

Маалым болгондой, Самиев «жардыруучу заттарды мыйзамсыз алган, сактаган жана бирөөлөргө жеткирген, экстремисттик уюм түзгөн жана кылмыштуу топтун катышуучусу болгон» деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал өзү коюлган айыптарды мойнуна алган жок.

56 жаштагы Самиев өткөн жылдын соңунда Орусиянын Чеченстан Республикасында кармалган. Быйыл февраль айында «YouTube» видеопорталында Наимжон Самиевдин видеосу пайда болгон. Анда ал Москвадан Дүйшөмбүгө өз ыктыяры менен келгенин жана дароо бийликтин колуна түшүп бергенин айткан.

«Ислам кайра жаралуу» партиясына 2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, ондогон өкүлдөрү эркинен ажыратылган. Ал эми Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG