Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Путин Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу пикирин билдирди.

Путиндин көз карашында, иликтөөнүн жыйынтыгы мурдатан эле түшүнүктүү болгон.

«Биз башында эле "Мюллер мырзанын чуулгандуу комиссиясы эч нерсе таппайт" деп айтканбыз. Бул иликтөө Америкадагы ички саясий күрөш үчүн пайдаланылууда», — деген Путин Орусия АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишпегенин жана Дональд Трамп менен көмүскө бүтүмгө барбаганын кошумчалады.

Орусиянын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу иликтөөнүн аяктагандыгы жөнүндө 24-мартта АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жарыялаган. Анда ал атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын мыйзам бузганы тууралуу фактыларды таппаганын билдирген. Ошол эле маалда тергөөчүлөр Орусиянын кийлигишүүсүнүн эки негизги эпизодун белгилешкен. Алардын бири мыйзамды бузуу менен социалдык түйүндөр аркылуу жалган маалыматтарды таратуу, экинчиси Демократиялык партиянын серверлеринен документтерди уурдоого жардам берген хакердик чабуулдар болгон.

​Роберт Мюллер дээрлик эки жылга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндаманы АКШнын башкы прокуроруна 22-мартта тапшырган. Баяндама АКШ Конгрессине апрелдин ортосунда тааныштырылат.

Атайын прокурор Роберт Мюллер шайлоодогу «Орусиянын изин» иликтөөнү 2017-жылы августта баштаган. Андан бери Мюллердин тобу 34 жеке адамга жана эки юридикалык жакка 200дөн ашык айып койгон. Айыпталып жаткандардын 26сы Орусиянын жарандары болсо, алтоосу АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчилери.

XS
SM
MD
LG