Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:18

Талибдер 20 ооган аскерин өлтүрүштү


Ооганстандагы аскердик колонна. 9-апрель, 2019-жыл.
Ооганстандагы аскердик колонна. 9-апрель, 2019-жыл.

«Талибан» кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Пакистанга жакын жердеги көзөмөл өткөрмө бекетине кол салып, 20 аскер кызматкери каза тапты. Дагы сегизи жарадар болгонун Кандагар провинциясынын кеңешинин мүчөсү Мохаммад Юсуф кабарлады.

Провинциянын администрациясынын кызматкери кол салуу фактысын ырастап, ооган күчтөрү жоготууга учураганын айтты. Бирок канча киши курман болгонун ачык айткан жок.

Кол салуу боюнча жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өз мойнуна алды. Кыймылдын басма сөз катчысы Кари Юсуф Ахмади согушкерлер курал менен кошо ок-дары да алышканын билдирди.

Бир күн мурда Ооганстандагы НАТОго караштуу авиабазанын жанында болгон жардыруудан төрт америкалык жаран көз жумган. Бул үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өз мойнуна алган.

Жергиликтүү бийлик жардыруудан беш ооган жараны да жарадар болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG