Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 05:32

Масалиев КСДПга: Убакыт келди, төрдү бошотуш керек (видео)


Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламенттеги азыркы башкаруучу коалиция таркашы керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн жалпы жыйында айтып, жаңы түзүлө турган көпчүлүк коалициясына КСДПдан башка фракциялар кириши зарыл экенин белгиледи:

- Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция киргени айтылат, бирок «Республика - Ата Журт» фракциясы былтыр коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек. Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт. Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Кеп эң чоң фракция - КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек.

Масалиевдин бул билдирүүсүнө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жооп берди:

- «Республика - Ата Журт» коалицияга кошулушуна мыйзам каршы эмес. Ал жерде «кошулууга болбойт» деген жазуу боло турган болсо, анда кошулбаса болмок. Кошулушу мыйзамдуу. Көпчүлүк коалиция бүгүн бар, иштеп жатат. Ал эми коалициянын ар бир фракциясы коалицияда болобу же болбойбу, өздөрү чечишет. Экинчиден, туура, КСДП бүгүн де-факто жана де-юре экиге бөлүндү деп айтсак болот: экс-президентти колдогондор жана бүгүнкү курсту, мамлекетте болуп жаткан иш-чараларды жана бүгүнкү бийликти колдогон биздин партиялаштар.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (28)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG