Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:59

Мирзиёев 27 долбоордун аткарылышын жеке өзү көзөмөлдөйт


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айрым компания жетекчилеринин, ошондой эле Кашкадарыя, Самарканд, Сурхандарья, Наманган, Фергана жана Хорезм облустарынын башчыларынын инвестиция маселелери боюнча орун басарларынын иши канааттандыраарлык эмес экенин эскертти.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2019-жылдын биринчи кварталында бөлүнгөн инвестициялык каражаттар өздөштүрүлгөнү менен, аймактардагы айрым компаниялар менен уюмдарда жетиштүү иш жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл Инвестициялык программанын алкагында дээрлик 14 миллиард долларлык капиталдык салымды өздөштүрүү пландалууда. Анын ичинен 320 долбоор боюнча 4 миллиард доллардан ашык түз инвестиция өздөштүрүү каралган.

Буга байланыштуу мамлекет башчы инвестициялардын өздөштүрүлүшүн камсыздоонун жаңы системасын киргизүүнү сунуш кылды. Ага ылайык, түз инвестициялардын катышуусундагы бардык долбоорлор төрткө бөлүнүп, ар бири өз-өзүнчө көзөмөлдөнөт.

Биринчи топко быйыл 3,6 миллиард долларлык түз чет өлкөлүк инвестицияларды өздөштүрүүнү караштырган 27 маанилүү стратегиялык долбоор кирет. Алардын ишке ашырылышы президенттин жеке көзөмөлүндө болот.

Экинчи топ 1,3 миллиард долларлык 65 ири долбоордон турат. Алардын ишке ашырылышын премьер-министр көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG