Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:34

Президент Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңешке барат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы эртең, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Азырынча президенттин парламентке барышынын чоо-жайы айтыла элек.

Такталбаган маалыматтар боюнча, президент Жээнбеков парламентте өлкөдөгү кырдаал жөнүндө сүйлөйт.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 6-апрелде КСДПнын курултайынан кийин экс-президент тууралуу кабыл алынган мыйзамга карата пикирин билдирген. Анда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн курултайдын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турарын белгилеп, «саткындарга кошулбайбыз» деп айткан.

9-апрелде президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева кийинки убакта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарды. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таарынычы, мурдагы жана азыркы президенттердин пикир келишпестиги эмнеден чыкканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Стамалиеванын баамында, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестиги инаугурациядан алты күндөн кийин эле башталган. Пикир келишпестикке 2017-жылы Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу себеп болгон. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG