Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

2030-жылга чейин кургак учуктан толук арылуу максаты коюлууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2030-жылга чейин калктын кургак учукка чалдыгуу учурларын таптакыр токтотуу максатын көздөп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Аэлита Ибраева билдирди. "Бул мүмкүнбү?" деген суроого ал:

- Биз бул максатка пландалган кадамдар менен бара жатабыз, андыктан бул мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык уюмунун кургак учукту 2030-жылга чейин таптакыр жок кылуу тууралуу стратегиясы бар. Биз бул багытта коюлган максаттардын азыркы кезге карата көрсөткүчтөрүн аткара алдык жана кургак учук боюнча ноль деген деңгээлге жеткибиз келет. Азыр бул көрсөткүч – 100 миң адамга 85 учур болууда, - деп жооп берди.

Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учуктун кадимки дарынын күчү жетпеген формасына чалдыккан бейтаптардын саны азая баштады. 2016-жылы 1244 болсо, 2017-жылы 1206, ал эми 2018-жылы 1176 учур болду.

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул тууралуу жакында Бишкекте “Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүүдөгү беш жылдык жетишкендиктер” конференциясында айтылды.

Ошону менен катар бул ооруга чалдыгуу учурлары 13% кыскарганы маалым болду.

Мындай жетишкендиктер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен Кыргызстанда ишке ашкан “Кургак учукту жеңебиз” жана “Кургак учукка чакырык” долбоорлорунун алкагында мүмкүн болду.

Кургак учукка каршы кызматты оптималдаштыруу аркылуу 19 млн сомдон ашуун каражат үнөмдөлүп, сапатын жогорулатуу максатында биринчи деңгээлдеги медициналык мекемелердин потенциалы күчөтүлүүдө.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар.(RK)

XS
SM
MD
LG