Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Иранда селдин суусу Ахваз шаарына жетти


Ирандын Хоррамад шаарчасы. 1-апрель, 2019-жыл.
Ирандын Хоррамад шаарчасы. 1-апрель, 2019-жыл.

Ирандын бийлиги сел коркунучунан улам Ахваз шаарындагы беш райондун тургундарын коопсуз жайга көчүрүүнү чечти. Селдин суусу өлкөнүн түштүк-батышындагы Хузестан провинциясында жайгашкан бул шаарды каптай баштаганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирип жатышат.

Шаардын эвакуациялоого буйрук берилген беш районунда 70 миң тургун жашайт. Провинциянын жетекчилиги эркек кишилерди аялдар менен балдарды эвакуациялоого жардам берүүгө чакырды.

Иранда нөшөрлөгөн жамгырдан улам 19-марттан бери сел токтобой жатат. Өлкөнүн 31 провинциясындагы жүздөгөн шаарчалар менен айыл-кыштактарды суу каптады. Табигый кырсыктан каза тапкандардын саны 70 кишиден ашты.

XS
SM
MD
LG