Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

«Республика» Бишкекте тынчтык митингин өткөрүү боюнча мэрияга кат жөнөттү


Өмүрбек Бабанов.

«Республика» партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясина кат жөнөттү. Буга байланыштуу арыздын сүрөтү Интернетке жарыяланды. Анда тынчтык митинги эски аянтта өтө турганы, ага болжол менен 10 миңдей киши катышары белгиленген. Муну менен катар коомдук коопсуздукту сактап берүү тууралуу өтүнүч да айтылган.

Буга чейин аталган партиянын мурдагы лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп, кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакын арада келе турганын жарыялаган. Ал 13-апрелде Бишкекке учканга билет сатып алганын да «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (58)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG