Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Сот ЖЭБ боюнча айыпталгандардын абак мөөнөтүн узартты


Соттон бир көрүнүш. 3-апрель, 2019-жыл.
Соттон бир көрүнүш. 3-апрель, 2019-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга байланыштуу ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова айыпталуучулардын бөгөт чарасын 12-июнга чейин узартты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-министр Осмонбек Артыкбаев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазовдун ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчү четке кагылды. Бул тууралуу укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланышы бар деп кармалган мурдагы аткаминерлерге сотто айып угузула баштады. Экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баштаган соттолуучулар күнөөнү мойнуна алган жок.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу бар. Алар - мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» экс-директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов.

Айыпталып жаткандардын ичинен мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана камакта эмес.

Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт. Кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. Кийинки соттук отурум 17-апрелде өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG