Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

«Нур-Отан» президенттикке талапкерин 23-апрелде тандайт


Нурсултан Назарбаев «Нур-Отан» партиясынын Нур-Султан шаарындагы кеңсесинде. 10-апрель, 2018-жыл.
Нурсултан Назарбаев «Нур-Отан» партиясынын Нур-Султан шаарындагы кеңсесинде. 10-апрель, 2018-жыл.

Казакстандын бийликтеги «Нур-Отан» партиясы президенттикке талапкерин эки жумага жетпеген убакыттын ичинде тандайт. Дээрлик 30 жылдан кийин мамлекеттик башчылыктан кетсе да, партиянын төрагасы бойдон калган экс-президент Нурсултан Назарбаев 10-апрелде билдирүү таратып, «Нур-Отан» партиясы 23-апрелде кезексиз курултайын өткөрөрүн маалымдады. Андан бир аз мурда Назарбаев Нур-Султан шаарында партиялаштары менен жыйын өткөрүп, «Нур-Отандын» талапкери партиянын кийинки курултайында белгилүү болоорун айткан.

Бир күн мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөөрүн жарыялаган. «Нур-Отан» партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан. Ал шайлоого катышар-катышпасын азырынча айта элек.

78 жаштагы Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектейт. Анын «элбашы» деген макамы өзүн жана үй-бүлөсүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотот.

Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин Жогорку палатасынын спикери болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты Касым-Жомарт Токаев аркалап келген.

XS
SM
MD
LG