Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

Быйылкы Билим фестивалы IT темасына арналат


Робот жасаган окуучулар.
Робот жасаган окуучулар.

Быйыл жетинчи жыл уюштурулуп жаткан Билим фестивалы «Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү» деген ураандын алдында өтөт. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду тараткан маалыматта айтылат.

Фестиваль Бишкекте 13-апрелде жана 4-майда өтүп, катышуучулар Борбор Азиядагы Америка университети менен таанышып, жаңы заманбап технологияларды билим берүүдө колдонуу, инновация боюнча мастер-класстарга катыша алат.

Экинчи күнкүсү шаардын борборунда, Курманжан датканын эстелиги тарапта уюштурулат.

Фестивалдын алкагында көргөзмө, интерактивдүү оюндар, илимий шоу, илимий-агартуучу тасмаларды көрсөтүү сыяктуу жалпысынан 200дөй иш-чара өтөрү белгиленген.

«Билим фестивалы» 2013-жылдан бери өтүп келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG