Суданда 30 жылдан бери бийлик тизгинин кармап келген президент Омар ал-Башир кызматтан кетип, убактылуу өкмөт өлкөнү башкаруу боюнча кеңешме өткөрүп жатканы кабарланды. Түмөндөгөн судандыктар бейшембиде баш калаа Хартумдун көчөлөрүнө чыгып, президенттин бийликтен кетишин майрамдап жатышат.
1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Баширге каршы демонстрациялар декабрдан бери уланып жаткан. Алгач ага өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы, накталай акчанын жетишсиздиги түрткү болуп, кийинчерээк президенттик башкарууга каршы ураандар айтыла баштаган. Акыркы алтын күндөн бери Хартумда миңдеген адамдар армия штабынын алдында чогулуп турушкан.