Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Мамдума «өз алдынча Интернет» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды


Орусиядагы Интернет эркиндиги үчүн акциялардын бири. Москва, 10-март, 2019-жыл.
Орусиядагы Интернет эркиндиги үчүн акциялардын бири. Москва, 10-март, 2019-жыл.

Мамлекеттик Дума бейшемби күнү Орусияда «Интернеттин коопсуз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу» деген мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу төмөнкү палатанын расмий сайтына жарыяланды.

Коомчулукта «Көз каранды эмес Рунет» деген атка конгон мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага былтыр декабрда келип түшкөн жана 12-февралда биринчи окууда кабыл алынган. Расмий түшүндүрмөгө ылайык, бул документ Дүйнөлүк желе менен байланыш үзүлүп калган шартта Орусиянын Интернет сегментинин же Рунеттин үзгүлтүксүз, өз алдынча иштей беришин камсыз кылууну жана ар кыл киберчабуулдардан коргонууну көздөйт.

Мамлекеттик Дума мыйзам долбоору «2018-жылдын сентябрында кабыл алынган АКШнын улуттук киберкоопсуздук стратегиясынын агрессиялык мүнөзүн эске алуу менен» даярдалганын билдирүүдө. Орус өкмөтү «Көз каранды эмес Рунет» долбоору үчүн 30 миллиард доллар которууну көздөп жатканы маалым болгон.

Бирок активисттер бул мыйзам кабыл алынса бийлик Интернетти толук көзөмөлгө аларын жана цензураны күчөтөрүн айтып жатышат. Бийликтин демилгесине байланыштуу Орусияда бир катар нааразылык акциялары өтүп, анын катышуучулары Орусияда Интернет эркиндигин талап кылашкан.

XS
SM
MD
LG