Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Сулайманов: Бабанов унчукпай кеткен соң унчукпай келиши керек (видео)


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Республика» партиясынын мурунку лидери, мурдагы партиялашы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтуу тууралуу билдирүүлөрү боюнча пикирин айтты:

- Кеткенде унчукпай кеткендер бүгүн ызы-чуу менен келгиси келип жатат. Илмияновдун кабинетинде эле «кетип кал» деген сөз болгон экен. Ошондо 600 шайлоочудан: «Мага ультиматум коюп, «чыгып кет» деп жатат. Эмне дейсиңер?» деп сурабайбы. 600 миң эл: «Каякка барасың сен?» демек да. Эми 600 миң эл керек болуп калдыбы? «Мени 600 миң шайлоочум күтүп жатат» деген такыр туура эмес. Кеткенде унчукпай кеттиң, келгенде да ызы-чуу кылбай келе бер да.

Сулайманов менен Бабанов 2010-жылы «Республика» партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышып, кийин жолдору ажыраган.

2017-жылы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болгон Бабанов утулуп калып, ага эки кылмыш иши козголгон. Бири «үгүт учурунда эл алдында сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет», экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген негизде болгон.

Бабанов өзү шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Жакында ал 13-апрелде Кыргызстанга келерин жарыялады.

Ал эми Бабановдун дагы бир мурдагы өнөктөшү, «Ата Журт» партиясынан парламентте депутат болгон Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Бабанов менен эски тандемди кайра жандандырууга даяр экенин айткан.

- Бабановдун келүүгө толук укугу бар. Шайлоодо эмнелер гана айтылбаган? Бабанов президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн саясий оор абалды көрүп, элдин тынчтыгын кызматтан да өйдө коюп, өлкөдөн чыгып кеткенин баары билет. Анын келишине шарт түзүш керек, коюлган айыптар боюнча өз укугун коргоп, тергөөдө чындыгын далилдешине мүмкүнчүлүк берилиши керек, - деген Ташиев.

XS
SM
MD
LG