Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Кызматтан алынган айыл аймак башчысы акимди сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиев өзүн кызматтан алууну сунуш кылган аким Баймурат Бекмуратовду сотко берди. Бул тууралуу Эгембердиев «Азаттыкка» билдирип, өзүнүн кызматтан четтетилиши негизсиз экенин айтты:

- Мени иштен кетирүүгө «төрт объект муниципалдык менчикке алынган эмес, былтыр кошумча табылган 6,5 млн. сом кирешени иштеткен эмес» деген себептерди айтып жатышат. Бул эч негизсиз. Анткени кошумча киреше жыл аягында табылган. Аны иштетүүгө убакыт тар болуп калгандыктан мыйзам боюнча 6,5 млн. сом кийинки жылдын бюджетине өтүп кете берет. Былтыркы Аймактарды өнүктүрүү жылында Лейлек районундагы тогуз айыл аймагынын ичинен жалгыз мен жетектеген Жаңы-Жер айыл аймагы мамлекеттик дотациядан чыкты. Ошондуктан мен өзүмдү кызматтан кетирүү боюнча акимдин сунушун эч негизсиз деп эсептейм. Прокуратуранын эч кандай тиешеси жок.

Ал эми Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевди кызматтан алууга прокуратуранын текшерүүсү негиз болгон.

- Прокуратура текшерип чыккан, анын каршы пикиринен кийин мен жергиликтүү кеңешке сунуш бергем. Жергиликтүү кеңеш чечти, мен эмес. Прокуратура мыйзам бузулган учурларды аныктап берген, - деди аким.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевди кызматтан алуу тууралуу аким Баймурат Бекмуратовдун сунушу жергиликтүү кеңешке 2-апрелде берилген. Айылдык кеңеш акимдин сунушун карап, 21 депутаттын 11и Эгембердиевди кызматтан алууга макулдук берген.

Учурда айыл аймак башчысынын милдетин анын орун басары Акжол Абдуллаев убактылуу аткарууда.

Былтыр күзүндө Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып, качып кетишкен. Ал жараатынан улам көп өтпөй көз жумган.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу» президенттин жарлыгын жана өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясын аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш берилген.

Жаңы-Жер айыл аймагы Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде жайгашкан. Анда 15 миңге жакын түтүн жашайт. (MdN)

XS
SM
MD
LG