Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

БУУ: Триполиде бери дегенде 56 киши каза болду


Халифа Хафтар жетектеген армиянын өкүлдөрү Триполини алууга даярданып жатышат. Бенгази, 7-апрель. 2019-жыл.
Халифа Хафтар жетектеген армиянын өкүлдөрү Триполини алууга даярданып жатышат. Бенгази, 7-апрель. 2019-жыл.

Триполинин чет жакасындагы салгылаштардан алты күн ичинде эле бери дегенде 56 киши көз жуумп, жүздөгөн адам жарадар болду. Миңдейи үй-жайын таштап, бул райондон чыгып кетишти. Бириккен Улуттар Уюму 11-апрелде «өлкө абдан кооптуу абалда» турганын эскертти.

БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш Ливиядагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка, чыңалууну басаңдатууга үндөп, «азыр да кеч эмес» деп аскердик аракеттерди токтотууга чакырды. ​«Ок атууну, Триполи үчүн кандуу согушту токтотууга мезгил жетти», - деди ал.

«Reuters» агенттигинин журналисти 11-апрелде баш калаадан жана салгылашууда талкаланган эл аралык аэропорттон алыс эмес жерде атышуу, жардыруунун добушу чыгып жатканын жазды.

Өткөн жумада Ливиянын Халифа Хафтар жетектеген армиясы өкмөт отурган Триполи шаарын алыш үчүн чабуулун баштаган. Анын кесепетинен ондогон адам өлүп, жүздөгөн киши шаарды таштай качты. Хафтар эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу тууралуу чакырыктарына моюн сунган жок.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон.

 

XS
SM
MD
LG